Жалал-Абадда бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышты.
Алсак, спорттук мелдешке 20дан ашуун өлкөдөн 80ден ашуун оюнчу келген. Андан тышкары, иш-чарада жергиликтүү спортчулар да күч сынашууда.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев уюштурулган чемпионат дүйнөлүк деңгээлдеги чыныгы профессионалдуулукту, тартипти, тактыкты жана эң башкысы эл аралык достукту чыңдоочу негизги аянтча экенин баса белгиледи.
«Акыркы учурларда бильярд оюнуна кызыккан кыргызстандыктардын саны көбөйүп барат. Ал тургай эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларыбыз арбын. Дастан Лепшаков, Азиз Мадаминов, Канат Сыдыков өңдүү мекендештерибиз кыргыз бильярдын дүйнөлүк мелдештерде даңазалап, кызыл байрагыбызды бийиктерде желбиретип келишет», – деди Нурланбек Азыгалиев.
Ошондой эле бильярд акылдын тактыгын, чыдамкайлыкты жана стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылган интеллектуалдык спорттун бир түрү да болуп эсептелерин айткан Төраганын орун басары:
«Ар бир жасалган сокку – чоң даярдыктын, тажрыйбанын жана таланттын натыйжасы. Андыктан оюндар жаркын эмоциялар менен коштолуп, катышуучулардын күчтүүсү жеңсин», – деп кошумчалады.
Ал эми чемпионаттын демилгечиси депутат Шаирбек Ташиев да ар бир спортчуга ийгиликтерди каалап, бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаттын Кыргызстанда өтүп жаткандыгы чоң мааниге ээ экенине токтолду.
