Чүй облусунда “С” категориясындагы машыктыруучулук курсу өтүп жатат
30 июнь

Чүй облусунда “С” категориясындагы машыктыруучулук курсу өтүп жатат

Бүгүн, 30-июнь күнү Чүй облусунун Шопоков шаарында Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык “С” категориясындагы машыктыруучулук лицензияны алуу боюнча окуу курсу башталды.

Окутууну КФБнын адистери Валерий Березовский жана Светлана Кашуба өткорүүдө. Окуу эки модулдан турат. 1-модуль 30-июнь – 5-июль күндөрү, ал эми жыйынтыктоочу 2-модуль 28-июль – 2-август күндөрү өтөт.

Окутууга жалпы 16 машыктыруучу катышууда. Программада теориялык жана практикалык сабактар камтылган. Катышуучуларга машыгуу процесстерин пландоо, жаш оюнчулардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү, техникалык жана тактикалык көндүмдөрдү үйрөтүү, коопсуздук жана педагогикалык негиздер боюнча билим берилет.

Бул курс Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө салым кошо ала турган квалификациялуу машыктыруучуларды даярдоону максат кылат.