Кыргызстандын жаш армрестлерлери дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды багындырды
Үстүбүздөгү жылдын 12-13-сентябрь күндөрү Кыргызстандын армрестлинг боюнча курама командасы Болгариянын Албена шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, спортчулар 45 кг, 55 кг, 60 кг, 70 кг жана 75 кг салмак категорияларында күч сынашып, байгелүү орундарды ээлеп, медалдарга ээ болду.
Кыргызстандын курама командасы Армрестлинг федерациясынын президенти Толкунбек Исаковдун жана жаштар командасынын капитаны Каныбек Эсенгелдиевдин жетекчилиги алдында катышты.
Оң кол боюнча:
Алтын:
- Иса Тимуров – 55 кг, кадеттер арасында, машыктыруучусу: Нурмат Абдыкаев (Ысык-Көл облусу);
- Байтур Абжалбеков – 70 кг, юниорлор арасында, машыктыруучусу: Каныбек Эсенгелдиев (Жалал-Абад облусу).
Коло:
- Мөлмөл Акимкожо кызы – 55 кг, жаштар арасында, машыктыруучу: Талант Шадыбаев (Ысык-Көл облусу);
- Асема Маликова – 55 кг, юниорлор, машыктыруучусу: Талант Шадыбаев (Ысык-Көл облусу);
- Алтынай Өмүрбекова – 45 кг, юниорлор, машыктыруучу: Талант Шадыбаев (Ысык-Көл облусу);
- Нуртай Нарындыков – 60 кг, юниорлор арасында, машыктыруучусу: Руслан Абдыбек уулу (Ысык-Көл облусу);
- Таңсулуу Маматова – 70 кг жогору, кадеттер арасында, машыктыруучусу: Каныбек Базарбаев (Жалал-Абад облусу).
Сол кол боюнча:
Алтын:
- Алтынай Өмүрбекова – 45 кг, юниорлор арасында, машыктыруучусу: Талант Шадыбаев (Ысык-Көл облусу).
Коло:
- Залкар Нурланов – 75 кг, юниорлор арасында, машыктыруучусу: Руслан Абдыбек уулу (Ысык-Көл облусу);
- Таңсулуу Маматова – 70 кг жогору, кадеттер арасында, машыктыруучусу: Каныбек Базарбаев (Жалал-Абад облусу);
- Байтур Абжалбеков – 70 кг, юниорлор арасында, машыктыруучусу: Каныбек Эсенгелдиев (Жалал-Абад облусу).
Ошондой эле, 14-18-сентябрь күндөрү пара-армрестлинг боюнча 27-дүйнө чемпионаты болуп өттү. Чемпионатта Кыргызстандын пара-спортчулар курамасы Пара-армрестлинг федерациясынын президенти Толкунбек Исаковдун жана команда капитаны Юлия Шаляпинанын жетекчилиги алдында катышып, бир катар медалдарга ээ болду.
Улуттук курама командада 9 пара-спортчу күч сынашып, жогорку жыйынтыктарды көрсөттү.
Оң кол боюнча жыйынтыктар:
- Айгүл Муталипова – алтын медаль, жеке машыктыруучусу: Юлия Шаляпина, Бишкек шаары;
- Исхак Салиев – күмүш медаль, жеке машыктыруучусу: Нурлан Жоробеков, Талас шаары;
- Света Эсенказиева – коло медаль, жеке машыктыруучусу: Юлия Шаляпина, Бишкек шаары;
- Токтосун Бекбоосун уулу – коло медаль, жеке машыктыруучусу: Олег Алчинов, Бишкек шаары;
- Эрлан Камчыбек уулу – коло медаль, жеке машыктыруучусу: Олег Алчинов, Бишкек шаары.
Сол кол боюнча жыйынтыктар:
- Токтосун Бекбоосун уулу – алтын медаль, жеке машыктыруучусу: Олег Алчинов, Бишкек шаары;
- Исхак Салиев – күмүш медаль, жеке машыктыруучусу: Нурлан Жоробеков, Талас шаары;
- Айгүл Муталипова – күмүш медаль, жеке машыктыруучусу: Юлия Шаляпина, Бишкек шаары;
- Эрлан Камчыбек уулу – коло медаль, жеке машыктыруучусу: Олег Алчинов, Бишкек шаары.
Соңку этап чоңдор арасындагы (сеньорлордун) мелдештер менен аяктайт. 18-сентябрда таразага түшүү болгон, мелдештер бүгүн 19-сентябрда башталып, 23-сентябрга чейин уланат.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат: Юлия Шаляпина, Константин Клейнер, Белек Мусаев.
Белгилей кетсек, 10-сентябрдан 23-сентябрга чейин Болгариянын Албена шаарында армрестлинг боюнча 46-дүйнө чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 27-дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Аталган чемпионатка дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн 1500дөн ашуун спортчу катышууда.
Кыргызстан бул дүйнөлүк чемпионатка 30 спортчудан турган делегация менен катышууда. Алардын арасында 9 пара-спортчу, 3 сеньор (чоңдор арасында), жана кадеттер, юниорлор, жаштар командалары бар.
