Баткенде 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө
26 август

Баткенде 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө

Баткен шаарында 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, облус башчысы Айбек Шаменов курулуш иштеринен жеринде кабал алды. 

Ал курулуштун жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпоону жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Стадиондун жалпы аянты 10 гектар. Бул аянтта үч чоң оюн талаалары жана төрт кичи футбол аянтчалары болот.

Учурда алардын жер иштери бүткөрүлүп, коргоочу дубалдары курулду.

Стадиондун аймагында 120 кишилик, беш кабаттуу жатакана комплекси курулууда. Учурда жатакананын биринчи кабаты курулуп бүтүүдө.

Аны менен катар стадионду суу менен камсыз кылуучу суу кампалары курулду.

Алдыда стадиондун аймагында 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.

Учурда жумушчу күч, техника, курулуш материалдары жетиштүү.

Курулуш өз нугунда жүрүүдө.

Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык,эл аралык маанидеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.