Кыргызстандын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпионатында (U-20) катары менен төртүнчү жеңишине жетти
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы дүйнө чемпионатында ийгиликтүү оюнун улантууда. Алты курама команда катышкан мелдеш ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.
22-январда өткөн төртүнчү турдун алкагында кыргызстандыктар Люксембургдун курама командасы менен беттешип, 5:2 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.
Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасы үчүн турнирде катары менен төртүнчү болуп, команда турнирдик таблицада лидерлигин сактап калды.
Дүйнө чемпионатынын акыркы турунда кыргызстандыктар Мексиканын курама командасына каршы ойнойт. Беттеш 24-январда өтөт.
Төртүнчү тур. 22-январь.
Кыргызстан – Люксембург – 5:2 (0:1, 3:0, 2:1)
Кыргызстандын курамасында шайба киргизген оюнчулар:
11:25 – Эмир Мелисов
20:54 – Алихан Али-Аскаров
21:43 – Захар Бем
35:09 – Шер Шамшыбеков
45:08 – Берен Дубанаев
Люксембург курама командасында шайба киргизгендер:
Магнусс Ласис (41:47)
Мэйт Армуз (44:08).
