Бишкекте 23-майда эл аралык One Run жарым марафону өтөт
www
19 май

Бишкекте 23-майда эл аралык One Run жарым марафону өтөт

Бишкекте 23-майда ири чуркоо долбоору болгон "Баатырлар лигасынын" алкагында өткөрүлүүчү One Run эл аралык жарым марафону өтөт.

Мэриядан кабарлашкандай, жарышка 1200дөн ашык адам катышат. Катышуучуларга төмөнкү аралыктар сунушталат: 1 км, 5 км, 10 км жана 21,1 км.

Жарым марафондун маршруту шаардын түштүк бөлүгү (Түштүк магистраль) аркылуу өтөт. Старт-финиш зонасы жана  фан-күйөрмандар шаарчасы "Газпром" балдарга дене тарбия ден соолукту  чыңдоо аймагында жайгашат.

Иш-чарага байланыштуу, 23-майда саат 6:30дан 13:00гө чейин жарыштын маршруту боюнча жол кыймылы убактылуу жабылат.