Айбек Жунушалиев: Бир эле жылда Бишкекте дагы 10 мектепке муктаждык пайда болду
Бир эле жылда Бишкекте дагы 10 мектепке муктаждык пайда болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев билдиргендей, 12 мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунан каржыланат. Анын баары ири аянттуу мектептер жана 2027-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилип калат.
Депутат Жаныбек Абиров Орок айылына мектеп жана Жал кичирайонундагы №119 мектепке кошумча корпус керектигин билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев анын баары эске алынаарын белгиледи.
“Кайсы жерге кандай мектеп керектиги боюнча тизме түзүп, биз аны Агартуу министрлигине сунуштайбыз дагы, алардын макулдугу менен Курулуш министрлигине беребиз. Бишкек шаарында мектепке болгон муктаждык дагы деле бар. Бир жылда мектеп курагындагы балдардын саны 12,5 миңге көбөйдү. Демек, ушул жылы эле дагы 10 мектепке муктаждык пайда болду”, - деди мэр.
