Лейлек районунда мектептердин жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Лейлек районундагы бир катар билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине даярдыгын жеринен көрүп чыкты.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жылытуу системаларынын, отканалардын абалы жана көмүр запастары каралды.
Абдирашит Ташбалтаев жылытуу мезгилин үзгүлтүксүз жана талаптагыдай өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттарды алдын ала камсыздоо керектигин белгиледи.
Ошондой эле көмүрдүн сапатына, анын жетиштүү көлөмдө камдалышына, отун сактоочу жайлардын талапка ылайык болушуна жана жылытуу жабдууларынын үзгүлтүксүз иштешине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.
Мындан тышкары, жылытуу мезгилинде өрт коопсуздугун жана электр коопсуздугун камсыздоо, отканаларда эмгекти коргоо талаптарын сактоо, көмүртек кычкылы менен уулануунун алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Ал билим берүү мекемелеринин жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюп, окуучулар жана мугалимдер үчүн коопсуз, жылуу шарттарды түзүүнү, кыш мезгилинде коопсуздук талаптарынын сакталышын туруктуу көзөмөлдөөнү эскертти.
