Жанар Акаев айына 15 млн сом салык төлөгөн муниципалдык базарды жеке компанияга берип салган
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кудайбердиев Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин муниципалдык базарды жеке жакка өткөрүп берүүсүн мыйзамсыз деп баалады.
Айтымында, Ош шаарындагы автоунаа базары муниципалдык менчикте болчу. Бирок аны мэр подрядчиктердин карызына кайтарым иретинде жеке жакка берип таштаган.
“Бул канчалык мыйзамдуу? Ал базар айына 15 миллион сом салык төлөшчү экен”, - деди депутат.
Акаев белгилегендей, Ош мэриясы карызы бар 75тей объектти өзүнө өткөргөн. Бирок автоунаа базарын куруу иштеринде мэрия жеке компанияга 380 миллион сом карыз болуп калган.
“Биз ал акчаны берип салсак болмок, бирок каражат башка муктаждыктарга керек болчу. Ошондуктан конкурс жарыялап, ким көбүрөөк баа сунуштаса, ага берүүгө даярбыз. Учурда ачык конкурс жарыяладык, андан утуп алган компания базарды алат”, - деди мэр.
Бирок депутаттын айтымында, конкурс уюштурулганга чейин эле, 2 ай мурда базар жеке тарапка өтүп кеткен.
“Сиз конкурс өткөрө электе кармата бербедиңизби? Муниципалдык базар иштеп турушу, салык төлөп турушу керек эле да. Жеке тарапка берилгенине 2 айдан ашты, 30 миллион сом салыкты ким алды, кимдин чөнтөгүнө кетти? Буга ким жооп берет?” – деди.
Акаев “өзү жооп берээрин” белгиледи.
“Мен жооп берем. Жеке менчикке берген жокмун. Убактылуу башкарууга бердим, компания биз карыз болгон сумманы чыгарып алгандан кийин кайтарат”, - деди.
Депутат салык, ижара акысы кандай төлөнүп жатканына кызыкты.
Айтымында, мэр базарды жеке жакка 3 жылга берип салган. Ал эми мындай базарды жеке жакка берүүдө алгач конкурс өткөрүлсө, анын жобосуна канча салык төлөөрү, анын канча бөлүгү мэриянын бюджетине, канчасы салыкка кетээри жазылмак.
“Конкурс өткөрүлгөнгө чейин жеке менчикке берүү - мыйзамсыз”, - деди Кудайбердиев.
Ал эми мэр “баарын мыйзамга шайкеш келтирээрин” билдирди.
