Кол өнөрчү аялдар санариптик маркетинг боюнча билим алышкан
5 октябрь

Кол өнөрчү аялдар санариптик маркетинг боюнча билим алышкан

2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Бишкек шаарында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында кол өнөрчүлүк, искусство, дизайн жана ойлоп табуучулук менен алектенген аялдарды окутууга багытталган беш күндүк тренинг өттү.

60тан ашык катышуучу бизнес жүргүзүүнүн негиздери, финансылык сабаттуулук, санариптик маркетинг жана интеллектуалдык менчикти коргоонун укуктук аспектилери боюнча маанилүү билимдерге ээ болушту.

Тренинг бизнес жүргүзүүнүн ийгиликтүү жолдорун камтыды: бизнес-моделдерди иштеп чыгуу, продукциянын баасын туура аныктоо жана илгерилетүү стратегиялары.

Катышуучулар ошондой эле бизнес-пландарды түзүүгө жана санариптик куралдарды колдонуу менен маркетингдик стратегияларды өнүктүрүүгө үйрөнүштү.

Иш-чаранын негизги өнөктөшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) болду.