Казакстанда эки окуу жумасында баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн 69 өспүрүм кармалды
Казакстанда жаңы окуу жылы башталгандан кийинки алгачкы эки жумада баңгизатка байланыштуу кылмыштарга шектелип 69 жашы жете элек өспүрүм кармалды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, алардын 40ы баңгизат сатууга шектелип кармалса, дагы 27 өспүрүм өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сактаганы үчүн кармалган. Ал эми эки жашы жете элек жаран баңгизатты жарнамалоого жана пропагандалоого шектелүүдө.
Кармалгандардын арасында 52 эркек бала жана 17 кыз бар.
ИИМ ата-энелерге жана өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнө алардын жүрүм-турумундагы жана чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө кылдат көңүл бурууну өтүндү.
Баңгизатка байланыштуу кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген белгилер катары өспүрүмдө күтүүсүздөн акчанын же кымбат буюмдардын пайда болушу, телефонду жана кат алышууларды жашыруун колдонуу, ошондой эле шектүү сүрөттөрдүн жана ар кандай объектилердин скриншотторунун болушу белгиленди.
Мындан тышкары, түйүнчөктөрдүн, баштыкчалардын, изолентанын жана электрондук таразалардын табылышы да баңгизат соодасына тиешеси бар экенин көрсөтүшү мүмкүн.
Ведомство Казакстанда баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 16 жаштан башталарын эскертти.
