Төрага: ЖРТдагы тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү керек
Жогорку Кеңештин 12-мартындагы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы республикалык тесттирлөөдөгү тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү талабын койду.
“11 жыл мектепте окуган бала жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жакшы жыйынтыкка жетишпей калып жатат. Мунун себеби, тесттеги тапшырмалардын мектеп программасына дал келбегендиги болууда. Экөө эки башка. Айла жоктон окуучулар жалпы республикалык тесттирлөөдөн жакшы балл алыш үчүн акча төлөп, 2-3 ай калганда башка окуу борборлоруна, башка мугалимдерге барып даярданып жатышат. Мындай убарагерчиликтин эмне зарылчыгы бар? Андан көрө мектеп программасына тесттеги тапшырмаларды дал келтириш керек. Бул боюнча канча жылдан бери айтылып келүүдө. Бизге да кайрылуулар көп түшүп жатат”, – деген төрага билим берүү жана илим министрин окуучуларга жана алардын ата-энелерине оорчулук жараткан бул жагдайды тез арада чечүү талабын койду.
Өз кезегинде билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Төраганын пикирине толук кошуларын билдирип, тесттеги тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү үстүндө иштеп жатышканын кошумчалады.
