Мамлекеттик башкаруу академиясында аялдардын лидерлиги боюнча магистратура программасы ишке кирди
24 октябрь

Мамлекеттик башкаруу академиясында аялдардын лидерлиги боюнча магистратура программасы ишке кирди

2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында аялдардын лидерлигине көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында. «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын «Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профили боюнча магистердик программасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран алгач сөз сүйлөшүп, БУУнун Аялдар программасынын колдоосу менен аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында окутуунун жаңы усулдары боюнча тренингдердин сериясын өткөн Академиянын окутуучулар курамына сертификаттарды тапшырышты.

Ошондой эле «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын «Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профилинде окуган магистранттардын презентациялары жана саясатта аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарынын презентациясы көрсөтүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана фонддордун, эксперттик коомчулуктун жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты.