Министр Гульзат Исаматова АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту
Министр Гульзат Исаматова АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Жолугушууда жогорку билим берүү, илим, инновациялар жана академиялык мобилдүүлүк багыттарындагы кыргыз-америка кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Тараптар англис тилин окутууну өркүндөтүү, педагогикалык кадрларды даярдоо, «Алтын Казык» улуттук программасын ишке ашыруу, билим берүү процессине санариптик технологияларды жана жасалма интеллект инструменттерин киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле университеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, академиялык алмашууларды өнүктүрүү жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү, илим жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
