2024-жылы кыргызстандык окуучулары информатика боюнча олимпиадада 92 өлкөнүн ичинен 27-орунга ээ болушту
Тагыраагы, “Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.
Кыргыз Республикасынын окуучулары жалпы командалык эсепте 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.
2000-жылдан бери кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда 1 күмүш, 17 коло медалга ээ болушкан