22 жылдан бери Кыргызстандын эсебинде физика боюнча эл аралык олимпиадада 2 гана күмүш медаль бар
Коло медалды Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали тагынса, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алды.
Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу Физика боюнча эл аралык олимпиадага (IPhO) 2002-жылы катышкан. Ошол эле жылы биздин команда биринчи медалды жеңип, Мирбек Самиев күмүш медаль менен сыйланган.
2004-жылы олимпиадада кыргыз командасы ийгиликке жетишип, Султан Именов ардак грамота алса, Дамир Калашников биринчи коло медалды жеңген.
Бул жетишкендиктер Кыргызстандын физикалык олимпиадаларга катышуусунда маанилүү этаптарды белгилеп, улуттук командасынын ийгиликтүү даярдыгынын жыйынтыгы болуп саналат.
Жалпы жонунан өлкөбүздүн физика боюнча командасынын жетишкендиктери:
* 2002-жылы – 1 күмүш медаль,
* 2004-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,
* 2005-жылы – 1 ардак грамота,
* 2006-жылы – 2 коло медаль, 1 ардак грамота,
* 2007-жылы – 1 күмүш медаль, 1 ардак грамота,
* 2008-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,
* 2010-жылы – 2 ардак грамота,
* 2011-жылы – 1 коло медаль, 2 ардак грамота,
* 2012-жылы – 1 ардак грамота,
* 2013-жылы – 1 ардак грамота,
* 2014-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота,
* 2015-жылы – 1 ардак грамота,
* 2016-жылы – 1 коло медаль, 2 ардак грамота,
*2017-жылы – 2 коло медаль, 3 ардак грамота,
* 2018-жылы – 2 коло медаль, 2 ардак грамота,
* 2019-жылы – 1 ардак грамота,
* 2022-жылы – 1 ардак грамота,
* 2023-жылы – 1 ардак грамота,
* 2024-жылы – 1 коло медаль, 1 ардак грамота.