Мектептердеги китеп көйгөйү 2026-жылга чейин толугу менен чечилет — Акылбек Жапаров 
14 ноябрь

Мектептердеги китеп көйгөйү 2026-жылга чейин толугу менен чечилет — Акылбек Жапаров 

Мектептердеги китеп көйгөйү 2026-жылга чейин толугу менен чечилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 14-ноябрындагы жалпы жыйынында билдирди. 

Анын айтымына караганда, 2025-жылга 2 млрд сомго каражат булактары табылды. 

"Кийинки жылы, тактап айтканда, 2025-жылы 8 млн китеп басылып чыгат. Бул маселеге чекит коебуз деп ишенем", - деди ал