Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда иштөө үчүн КМТУнун студенттери кытай тилин үйрөнө баштады
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда иштөө үчүн КМТУнун студенттери кытай тилин үйрөнө баштады

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) темир жол адистиктеринде билим алган студенттери кытай тилин тереңдетип үйрөнө башташты. Бул тууралуу КМТУнун Жол каттамдары институтунун директору Уланбек Шекербеков «Биринчи радионун» эфириндеги «Өнүгүүгө багыт» программасында билдирди.

Анын айтымында, бул Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу менен байланыштуу. Темир жолдун бир бөлүгү Кытайдын техникалык стандарттарына ылайык курулат.

«Макмал станциясына чейин кытай стандарты колдонулат. Биз муну билим берүү программаларында да эске алышыбыз керек», — деди ал.

КМТУнун проректору Акылбек Чымыров университет Кытайдын билим берүү жана илимий мекемелери менен да кызматташып жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, окутуучулар тажрыйба алмашуу үчүн Кытайга жөнөтүлүп, темир жолдорду куруу жана тейлөөдө колдонулган кытай стандарттарын үйрөнүү окуу процессине киргизилүүдө.