Курулуш министрлиги
27 июнь
Ноокат районунда үч жаңы мектептин курулушу башталды
Ош облусунун Ноокат районунда үч жаңы жалпы билим берүү мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу 26-июнда Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Капсула салуу иш-чарасына курулуш министри Нурдан Орунтаев, облус башчысы Аманкан Кенжебаев катышты.
Курулушу башталган мектептер:
- Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы 275 орундуу мектеп;
- Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы Колдошов атындагы 375 орундуу мектеп;
- Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын Кош-Дөбө айылындагы Э. Эргешов атындагы 375 орундуу мектеп.
Долбоорго ылайык, мектептер 2-3 кабаттуу курулуп, заманбап окуу класстары, ашкана, спорт зал, жыйындар залы жана башка керектүү инфраструктуралык шарттар каралган.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, министрлике караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
