Рустамбек уулу IT академияларын райондорго да ачууну сунуштады
26 январь

Рустамбек уулу IT академияларын райондорго да ачууну сунуштады

Депутат Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын ар бир районуна программисттерди окутуучу окуу жайларын ачууну сунуштады.

Ал бул багытта кесипке ээ болууну каалаган жаштар көп экенин, бирок баарынын мүмкүнчүлүгү ага жете бербестигин белгиледи.

“Азыр IT боюнча билим алууга эки көзү төрт болгон жаштар көп. Сиздер бул жааттагы окуу жайларын бир гана Бишкекке ачып жатасыздар. А аймактардагы жаштардын баары эле борбор калаага келип жашап, билим алууга мүмкүнчүлүгү жете бербейт”, – деди депутат.

“КР жогорку технологиялар паркынын дирекциясы” мекемесинин директору Азис Абакировдун айтымында, бир гана Бишкекте эмес, окуу жайлар аймактарда да ачылууда. Мисалы, Ош шаарында жана Араван районунда бар.

“Араван районунда жана Ош шаарында учурда ири компания ишмердүүлүгүн алып барууда. Ага жумушка орношкондор диспетчердик кызмат көрсөтөт, Америка менен байланышта болуп, керектүү жүктөрдү издеп табат. Компания жүздөн ашуун жумуш орунун камсыз кылды. Алар 24 саат бою иштешет”, – деди Абакиров.

Депутат иштөө жакшы экенин белгилеп, бирок бул ишти баштоону каалагандар кайсы жактан билим алаарына кызыкты.

Абакиров белгилегендей, мындай ири компаниялар үчүн кадрды кыска мөөнөттүү IT академиялары даярдайт. Мындай академияларды айрым райондордон да табууга болот. Ага жаран акы төлөп, бир жыл билим алат. Бир жыл билим алынганын тастыктаган сертификат жарайт, жогорку билим тууралуу дипломдун кереги жок.