Бүткүл дүйнөлүк кардиология конгрессинде кыргызстандык жаш дарыгер баяндама жасады
Анын англис тилиндеги баяндамасы эл аралык эксперттер тарабынан жогору бааланып, кызуу талкуу жаратты.
Бул жылы конференция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 30 миңге жакын катышуучулардын башын бириктирип, Кыргызстандын жаш дарыгеринин катышуусу Улуттук кардиология жана терапия борборунда адистердин жогорку деңгээлде даярдалаарын айгинеледи.
Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаш илимий дарыгерлерди даярдоого жана эл аралык илимий-медициналык коомчулук менен активдүү интеграцияга жана Кыргыз Республикасында медицина илимин өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы илимий медициналык кластер түзүлдү.
Европалык кардиология коомунун жетекчилиги жана европалык алдыңкы кардиологиялык борборлор менен кызматташуу жана Кыргызстанда кардиологияны өнүктүрүү боюнча жолугушуулар болуп жатканы да маанилүү.