Депутат мүмкүнчүлүгү чектелген балдар начар абалдагы имараттарда тарбияланып жатканын айтты
20 май

Депутат мүмкүнчүлүгү чектелген балдар начар абалдагы имараттарда тарбияланып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова өлкөдөгү кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын абалына көңүл бурдурду. 

Айтымында, депутат жакында бардык ПТУ жана СПТУларды кыдырып чыккан, баарынын имараттарынын акыбалы өтө начар. 

“Бардык эле жаштар мектепти аяктагандан кийин жогорку билим алууга умтулушпайт, анын үстүнө азыр кесиптик адистер абдан керек. Бизде курулуш тармагы өнүгүп жатат, башка тармактарды да өнүктүрүүнү ниеттенип жатабыз, анын баарына кесиптик адистер зарыл. Бирок аларды даярдоочу окуу жайлардын жана жатаканаларынын абалы абдан начар. Мыкты адистерди тарбиялоо үчүн мыкты жабдыктар керек”, – деди ал. 

Ошондой эле депутат мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган жана дарыланган мекемелердин имараттары да эскирип, жараксыз абалга келгенин белгиледи. 

Аманова Министрлер Кабинетине жогоруда айтылган эки маселе боюнча беш жылдык программа кабыл алып, каражат булагын таап, имараттарды этап-этабы менен оңдоону сунуштады.