Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дактиль ариби жана жаңсоо тили кыргыз тилинде “сүйлөй” баштайт
Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дактиль ариби жана жаңсоо тили кыргыз тилинде “сүйлөй” баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрлик "Билим жана илим" каналы менен биргеликте жаңы долбоор иштеп чыккан.
Долбоор улуттук билим берүүгө 100 жыл, "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамы кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган.
Долбоорго ылайык, дактиль ариби жана жаңсоо тили кыргыз тилинде “сүйлөй” баштайт.