
Акылбек Жапаров 45,9 миллион сомго мектеп ачты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жаңы орто мектептин ачылышына катышты.
Акылбек Жапаров аталган мектепти куруу иштери мындан тогуз жыл мурда башталып, бирок каражаттын тартыштыгынан ортодо курулушу жылдап токтоп турганын белгилеп, бул сыяктуу "чала жан" акыбалда калган мектептердин курулушу учурда чекесинен бүтүп жатканын билдирди.
"Ошентип биз ачып жаткан мектепке республикалык бюджеттен жалпысынан 37 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү да бүгүнкү күндө мектеп даяр болду. Бул мектептин курулушуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 45,9 миллион сомду түздү", - деди МинКаб башчысы Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал, бул 275 орундуу жана заманбап спорт зал менен камсыздалгаг мектепте, балдардын билим алып, спорт менен машыгуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирип, азыркы жаштардын окууга, билимге, мугалимдерге болгон мамилесине өзгөчө көңүл бурду.