Баткенде облус башчысынын балаты майрамы өттү
29 декабрь

Баткенде облус башчысынын балаты майрамы өттү

Бүгүн, 29-декабрда Баткен шаарында КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы өттү.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жаңы жылдык иш-чарага облус аймагынан 110 бала чакырылган. Алар окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдары.

Балдарга Баткен облустук драма театрынын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.