Ош: милициянын ардагерлерине кызматтык унаа тапшырылды
29 декабрь

Ош: милициянын ардагерлерине кызматтык унаа тапшырылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 29-декабрда “Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ардагерлери” коомдук бирикмесине кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Калаа башчысы буга чейин Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу учурунда жаңы жылга карата заманбап унаа белек кылууну убада кылган. Бүгүн айтылган убадасын иш жүзүндө аткарып, милициянын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү унаанын ачкычын тапшырды.

Мындан тышкары, аталган коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн колдоо максатында Ош шаардык мэриясынын имаратынан бир кызматтык бөлмө да бөлүнүп берилди.

Жеңишбек Токторбаев коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өмүрүнүн көп бөлүгүн арнаган милициянын ардагерлерине ыраазычылык билдирип, алардын тажрыйбасы, акыл-насааты бүгүнкү күндө да өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.