Ошто сегиз балалуу эне үйлүү болду
29 декабрь

Ошто сегиз балалуу эне үйлүү болду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев көп жылдан бери мектепте пол жууп иштеген 8 баланын энеси Роза Абдыкаровага жаңы жылдык белек катары үй тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы буга чейин аталган билим берүү мекемесиндеги оңдоп-түзөө иштеринен кабар алуу учурунда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берерин убадалаган.

Шаар мэри айткан убадасын бүгүн иш жүзүндө аткарып, үйдүн ачкычын тапшырды. Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар. Жеңишбек Токторбаев мындан тышкары, үй тиричилигине керектүү эмеректер менен муздаткыч, газ плитасы, аристон жана сыналгы менен камсыздады.

Белгилей кетсек, 8 баланын энеси үй-бүлөсү менен буга чейин батирлеп жашап жүргөн.