Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаңы тез жардам унаалары сатып алынат
29 декабрь

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаңы тез жардам унаалары сатып алынат

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында тез жардам унаалары жетишсиз жана эскилиги жеткендигине байланыштуу аталган ооруканага жаңы тез жардам унаалары сатып алынат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарында маалымдады.

Тактап айтканда, УКМК башчысынын демилгеси жана президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 5 тез жардам унаасын сатып алуу боюнча КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен 43 млн 800миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Андыктан, аталган каражатка заманбап үлгүдөгү, көп функционалдуу тез жардам унааларын, облустун жетекчилигине кыска аралыкта сатып алуу тапшырмасы берилди.