Профессор Бебезов РФ Өкмөтүнүн сыйлыгына татыды
29 декабрь

Профессор Бебезов РФ Өкмөтүнүн сыйлыгына татыды

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору, медицина илимдеринин доктору Бахадыр Хакимович Бебезов илим жана техника, ошондой эле медициналык илим тармагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн сыйлыгына татыган Кыргызстандагы алгачкы окумуштуу болду. Сыйлыкты ага РФ Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин тапшырды.

Бул жогорку баа боордун альвеококкозун дарылоонун принципиалдуу жаңы стратегиясын жана инновациялык хирургиялык технологияларын иштеп чыгып, практикага киргизгени үчүн берилди. Альвеококкоз – өтө оор, кооптуу паразитардык оору болуп саналат.

Илимий иш Кыргызстан, Россия жана Беларусь окумуштууларынын эл аралык автордук жамааты тарабынан жүргүзүлүп, дүйнөдөгү эң ири мультиборбордук тажрыйбаны камтыйт. Жаңы ыкмалардын негизинде операция жасоонун мүмкүнчүлүгү 96,5%га жетип, 10 жылдык жашоо көрсөткүчү 98%дан ашты.

Профессор Бебезов Кыргызстанда, айрыкча тоолуу аймактарда, бул ооруну изилдөө жана дарылоо ишине зор салым кошкон.