Чүй облусунда «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасында кышкы сезон расмий ачылды
28-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасында кышкы туристтик сезонунун расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов, эс алуучулар, кышкы спорт түрлөрүн сүйүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ачылыш аземинде Азамат Осмонов тоо-лыжа туризмин жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Бул туризм жана спорт тармагындагы маанилүү демилгелердин бири. Бүгүн жаштар жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр бул иш-чарага жакшы маанайда катышууда. Мындай объектилердин өнүгүшү Чүй өрөөнүнүн туристтик потенциалын жогорулатат. Чуңкурчак Чүй облусундагы эң кооз жана өзгөчө жерлердин бири. Биз ички туризмди өнүктүрүп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Жаңы жылдык майрамдарда бул жакка келип эс алууга чакырам», – деп белгиледи ыйгарым укуктуу өкүл.
Тоо-лыжа базасы деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашып, таза тоо абасы менен айырмаланат. Мамлекет тарабынан туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестиция салган ички инвесторлорго жана ишкерлерге, анын ичинде коопсуздук жана инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү маселелеринде колдоо көрсөтүлөт.
Азамат Осмонов Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынын алкагында туризм тармагын өнүктүрүү, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча ири иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Атап айтканда, туризм жана спорт тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн жеңилдетилген салык салуу механизмдери жана уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чаралары киргизилүүдө.
Ошондой эле «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасына алып баруучу жол толугу менен асфальтталып, жарандардын ыңгайлуу жана коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл коопсуздук чаралары көрүлгөнү белгиленди.
