Саламаттык сактоо министрлиги: КРВИ жана сасык тумоого байланыштуу эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда
2026-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого байланыштуу кырдаал боюнча штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абал боюнча актуалдуу маалыматтар, стационарларга түшкөн жүк жана сезондук оорулар күчөгөн шартта баштапкы медициналык звенонун иши каралды.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, өлкөдө катталган учурлардын саны мурунку мезгилдерге салыштырмалуу азайган. Тактап айтканда, 2025-жылдын аягында КРВИ жана сасык тумоонун 15 043 учуру катталса, 2026-жылдын 1-жумасында – 9 490 учур, ал эми 2026-жылдын 5–8-январь күндөрү аралыгында – 6 745 учур катталган.
Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абал жалпысынан туруктуу экени белгиленип, ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Балдар стационарларынын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо координаторлорунун маалыматына ылайык, стационарларга кайрылуулар көп жылдык орточо көрсөткүчтөрдүн чегинде катталууда. Ошол эле учурда жүктүн бир бөлүгү калктын баштапкы звенону айланып өтүп, түздөн-түз стационарларга кайрылуусунан улам келип чыгууда. Бул болсо дем алыш жана майрам күндөрү республикадагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) нөөмөт уюштурулуп, бейтаптарды кабыл алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан байкалууда.
Ушуга байланыштуу министр бейтаптарды ҮМБларда иргөө жана багыттоо иштерин күчөтүү тапшырмасын берип, медициналык жардамдын деңгээлдери ортосунда бейтап агымын рационалдуу бөлүштүрүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйында алдын алуу жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр санитардык-агартуу иштерин активдештирүү, ошондой эле массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү аркылуу кайрылуу тартибин жана сезондук инфекциялардын алдын алуу чараларын түшүндүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда, бирок ар бир деңгээлде уюшкан аракеттерди талап кылат. Биз баштапкы звенодо бейтаптарды иргөө жана багыттоо иштерин күчөтүп, алдын алуу иштерин улантып, негизсиз стационарларга кайрылууларды азайтуу жана жалпы системаны бекемдөө үчүн калкты ММКлар аркылуу активдүү маалымдоого тийишпиз», – деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Жыйынтыгында штаб сезондук оорулар күчөгөн мезгилде саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында аймактар менен күн сайын мониторинг жүргүзүүнү жана ыкчам координациялоону уланта турганы баса белгиленди.
