Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген айдоочу кармалды
9 январь

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген айдоочу кармалды

2026-жылдын 7-январында Сокулук районунда «Руль» аталышындагы рейддик-алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө саат болжол менен 00:00 чамасында Шопоков шаарында (Новостройка турак жай массиви) BMW X5 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты сезилгендигине байланыштуу аны Сокулук райондук наркология бөлүмүнө жеткирүү чечими кабыл алынган.

Текшерүү учурунда унааны И.А. аттуу жаран башкарып жүргөнү аныкталып, ал транспорт каражатын башкаруудан четтетилген. Жеткирүү учурунда, Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүнө жакын жерде, ал кыймылда бара жаткан унаадан секирүүгө аракет кылган, бирок милиция кызматкери тарабынан кармалып калган.

Наркология бөлүмүнө жеткирилген учурда айдоочу одоно сөздөрдү айтып, милиция кызматкерине карата физикалык күч колдонгон. Натыйжада милиция кызматкери денесинен жаракат алып, формалык кийими да жабыркаган.

Наркологиялык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгына ылайык, И.А. аттуу жаран мас абалында болгон. Милиция кызматкерине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алдын ала диагноз катары жабык баш мээ жаракаты жана баш мээнин чайкалышы аныкталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. 1993-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган айдоочу жол кыймылынын эрежелерин мурда да бир нече жолу бузганы аныкталды. Тактап айтканда, 2022-жылдын 18-февралында «Toyota Land Cruiser 100» үлгүсүндөгү унааны башкарып жатып, Сокулук айылында эки мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандардын экөө тең оор дене жаракаттарын алышкан. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 144-беренеси (Коркунучта калтыруу) боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко жөнөтүлгөн.

Териштирүү иштери улантылууда.