ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы
17 ноябрь
Жабыркагандар жок. Чолпон-Ата шаарындагы турак үйдөн өрт чыкты
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарынын Долон көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккан.
ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашкандай, өрттү өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт саат 12:37де чектөөгө алынып, саат 13:40да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Тилсиз жоонун кесепетинен эки кабаттуу турак үйдүн шыбы жана чатырынын 250 чарчы метри күйгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети мн турак үйдүн дубалы, ичиндеги эмеректер, килемдер сакталып калган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
