Оштогу “Озгур” суу тазалоо бекети толук капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 8-январда Ошшаарсууканал муниципалдык ишканасына караштуу “Озгур” суу тазалоо бекетинин абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар башчысы суу тазалоо бекетин кыдырып чыгып, объектти жакын арада толук капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Белгилей кетсек, “Озгур” суу тазалоо бекети Ош шаарынын калкынын 80 пайызын ичүүчү суу менен камсыз кылат.
Ошондой эле мэр бекет пайдаланууга берилгенден бери ири оңдоп-түзөө иштери жүргөн эместигин белгиледи.
