Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды
28 декабрь

Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

2025-жылдын 18-декабрь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну, 2000-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында, 2025-жылдын 18-октябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан “Профи-Мед” медициналык клиникасынын короо алдында өзү менен бирге иштеген кесиптешинин жолдошу – М.Н. аттуу жаран эч кандай себепсиз аны ур-токмокко алып, денесине оор залал келтиргендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган М.Н. аттуу жаран аталган кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин талаптарына ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда.