Өзгөн районунда милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду
Өзгөн районунда милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду, деп билдирет Башкы прокуратура.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн РИИБдин Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, физикалык зомбулук колдонушкан. Натыйжада А.Б. аттуу жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген.
Аталган факты боюнча, Ош областынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-бер. 3-бөл. 2-п., 338-бер. 2-бөл. 4-п. менен кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына тергөө жүргүзүү үчүн жиберилген.
Учурда милициянын үч кызматкери “С.Х.”, “А.А”, “И.К” кармалып, сот тарабынган 2 айга камакка алынган, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кылмыш иши Ош областынын прокуратурасы тарабынан көзөмөлгө алынып, жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилген, тиешелүү экспертизалар дайындалган, иштин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнын талаптарына ылайык мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.
