ССМ: Айрым партиядагы бала азыктарын кайтарып алуу тууралуу маалымат
8 январь

ССМ: Айрым партиядагы бала азыктарын кайтарып алуу тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргыз Республикасынын аймагында Nestlé тобуна кирген балдар тамак-ашынын продукциясын тараткан «Forester» ЖЧКсынан расмий билдирүү алынганын маалымдайт.

Nestlé Россия тарабынан берилген маалыматка ылайык, кургак, тез эрий турган сүттүү, кычкыл сүттүү жана лактозасыз аралашмалардын айрым чектелген партияларын ыктыярдуу түрдө кайтарып алуу чечими кабыл алынган.

Бул кайтарып алуу чарасы сактык максатында, глобалдык ыктыярдуу кайтарып алуу алкагында жүргүзүлүүдө жана чийки зат компоненттеринин биринде цереулид токсининин болушу мүмкүн деген тобокелчилик менен байланыштуу.

Расмий дистрибьютор Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода түйүндөрүнөн аталган партияларды алып салуу боюнча иш-чараларды баштады.

Департамент керектөөчүлөргө төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • колдонулуп жаткан балдар аралашмасынын аталышын жана чыгарылган датасын текшерүү;
  • эгер кайтарып алынуучу партияларга дал келсе, продукцияны колдонууну токтотуу;
  • продукцияны кайтарып берүү же алмаштыруу үчүн сатып алынган жерге кайрылуу;
  • партиялардын тизмесин тактоо үчүн расмий дистрибьютор «Forester» ЖЧКсына кайрылуу сунушталат.
  • Өндүрүүчүнүн маалыматына ылайык, кайтарып алуу чектелген сандагы партияларды гана камтыйт.

Цереулид – Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдары тарабынан бөлүнүп чыгуучу, жогорку температурага туруктуу токсин. Жогорку деңгээлдеги токсин бар продукцияны колдонгондо пайда болушу мүмкүн болгон белгилерге кусуу жана ич өткөк кириши мүмкүн, бул тамак-аштан уулануунун же аллергиялык реакциянын белгилерине окшош болушу ыктымал.

Департамент кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантат жана кошумча маалыматтар келип түшкөн сайын калкты кабардар кылат.