Чүй облусунда көп кесилме жаракаттарды келтирүү менен жасалган бейбаштыкка шектүү кармалды
2026-жылдын 5-январында Панфилов РИИБге 1972-жылы туулган жергиликтүү тургун С.К. арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 5-январында болжол менен саат 06:00 чамасында Каинда шаарында жайгашкан «НУР» дүкөнүнүн жанында азият улутундагы, болжол менен 25–30 жаштардагы белгисиз эркек киши бейбаштык ниет менен коомдук тартипти орой бузуп, белгисиз буюм менен аны бир нече жолу сайып, көп кесилме жаракаттарды келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Ушуга байланыштуу ал аталган жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган Э.Ш. аттуу жаран шектүү катары аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот тарабынан ага карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Тергөө учурунда шектүү Э.Ш. аталган кылмышты мас абалында жасагандыгы аныкталган.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылууда.
