Жалал-Абадда 9 кабаттуу "Асман Резиденс" турак жай комплексине инженердик текшерүү жүргүзүлдү
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Сузак районунун Барпы айылында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөргө инженердик-техникалык текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Инженердик-техникалык текшерүү иштери "Бест Хаус Гранд" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан, 7 блоктон турган 9 кабаттуу жана автопаркинги бар “Асман Резиденс” турак жай комплексиндеги курулуш иштеринин сапатын жана алардын Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери менен стандарттарына шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлдү.
Анын алкагында адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү инженердик-техникалык текшерүүлөрдү аткарды.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти мындан ары коопсуз пайдаланууга байланыштуу сунуштар иштелип чыгат.
