Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты. Жеринде үч күжүрмөн эсеп иштеп жатат
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкектеги Фере көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Өрттү өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган.
Кошумча саат 17:21де Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана Бишкек шаардык башкармалыгынан штаб тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
