Эмомали Рахмон "Ата-Бейит" комплексине барды
Кыргызстанга мамлекеттик визит менен жүргөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинде болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда президент Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды.
Андан соң Тажикстандын президенти залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга Куран окулду.
