Жогорку Кеңеште Султанбай Айжигитовго кайрадан сөз сүйлөөгө убакыт берилген жок
13 март

Жогорку Кеңеште Султанбай Айжигитовго кайрадан сөз сүйлөөгө убакыт берилген жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт кайра сурады. Бирок бул жолу дагы суранычы аткарылган жок.

Анын суранычы добушка коюлду. Жыйынга жалпы 73 депутат катышып жаткан болсо, анын 19у “макул”, 5 депутат «каршы» добуш берди.

Төрага Нурланбек Тургунбек бул сапар дагы Айжигитовдун суранычы аткарылбай калганын билдирди.

«Бул абдан жаман белги эмнени билдирет? Биздин мыйзам чыгаруу бийлигибиз толугу менен узурпацияланды. Бул жаман көрүнүш эч убакта жакшылыкка алып келбейт. Демек, парламент жок. Эмнеге 24 депутаттын 19у “макул” добушун берсе дагы, мага сөз сүйлөөгө болбойт?», - деди эл өкүлү.

Нурланбек Тургунбек аны «аксакал катары чындыкты айтууга» чакырды.

«Бул абдан жаман белги эмнени билдирет? Биздин мыйзам чыгаруу бийлигибиз толугу менен узурпацияланды. Бул жаман көрүнүш эч убакта жакшылыкка алып келбейт. Демек, парламент жок. Эмнеге 24 депутаттын 19у “макул” добушун берсе дагы, мага сөз сүйлөөгө болбойт?», - деди эл өкүлү.Мында 24 депутат эмес, 50дөн ашуун депутат отурат. Бирден санап чыксаңыз да болот. Ушинтип коомчулукка айтып чыксаңыз, эл сизди чын айтып атат деп ойлошот да. Баары көпчүлүктүн добушу менен чечилет, бул биринчиден. Экинчиден, эгер парламент жок болсо, сиз бул жерде эмнеге отурасыз? Парламент бар болгону үчүн сиз дагы отурасыз да. Үчүнчүдөн, кечээ уятыңар жок экен дедиңиз. Депутаттарда да, парламентте да уяты да, бети да, акылы да бар. Сөз экен деп эле сүйлөй бербеш керек да. Элде жана парламентте бир гана тилек бар – чек ара маселеси чечилип, тынчтык орносун деген», – деген төрага депутатты сабырдуулукка үндөдү. 

Султанбай Айжигитов 10 мүнөттү чек ара маселесине байланышкан пикирин айтуу үчүн эмес, фракциядан чыгарылганы тууралуу билдирүү жасоо үчүн сураганын кайрадан түшүндүрдү.

Бирок төрага ага билдирүү жасоого процедуралык микрофон – 3 мүнөт гана жетишерин белгилеп, бул мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну сунуштады.

Бул арада депутат Исхак Масалиев төраганын өзүн сабырдуулукка чакырып, регламент боюнча Айжигитовго убакыт берилиши керектигин белгиледи.

Бирок төрага макул болбоду: «Кудайга шүгүр, ансыз деле биз сабырдуу жана чыдамкайбыз. Бардык маселе добуш берүү аркылуу чечиле», – деди.

Айжигитов кайрадан бул сапар чек ара маселесине токтолбой турганын убадалады.

«Чек ара тууралуу айтпайм. Көп адамга караганда мен айткан сөзүмдө турам. Мага 3 мүнөт жетишпейт, ошондуктан 10 мүнөт сурап жатам», – деди.