Борбиев: Президенттин жер аминистиясы боюнча жарлыгы чыкканына карабай, элдин маселеси чечилбей жатат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Борбиев Шамалды-Сай шаарынын тургундарынын маселесин көтөрдү.
Айтымында, аталган шаар мурда Таш-Көмүр шаарынын аймагында болгон, кийин АТРдин алкагында Ноокен районунун курамына кошулган. Бирок ушул кезге чейин тургундар өздөрүнө берилген жер тилкелеринин тиешелүү документин ала албай келишет.
“Президенттин жер амнистициясы боюнча жарлыгы деле чыккан, бирок маселе чечилбей келет”, – деди депутат.
