Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген үч жаран кармалды
видеодон алынган кадр
4 август

Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген үч жаран кармалды

Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июлда милицияга кайрылган жаран Совмин шаарчасында токтотулган Hyundai Sonata DN8 үлгүсүндөгү автоунаасынын эки дөңгөлөгү белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган К.М., 1998-жылы туулган Н.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Милициянын маалыматына ылайык, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын ушул сыяктуу дагы беш уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.