Баткенде «Тилектештик-2026 – Кыргызстан» биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабы өткөрүлдү
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
8 сентябрь

Баткенде «Тилектештик-2026 – Кыргызстан» биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабы өткөрүлдү

Баткен облусунда 7-сентябрда «Тилектештик-2026 – Кыргызстан» биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабынын алкагында күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүү органдарынын катышуусунда бөлүштүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чара Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында уюштурулуп, ага облустагы тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү органдардын бөлүкчөлөрү тартылды.

Бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө БЧО учурунда колдонулуучу атайын автоунаалар, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык жаныбарлар жана мамлекеттик чек араны кайтарууда пайдаланылуучу башка техникалык каражаттар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Каныбек Рыскулов тарабынан биргелешкен чек ара операциясын сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча кошумча тапшырмалар коюлду.

Бөлүштүрүү учурунда коопсуздук эрежелери так сакталып, иш-чарага тартылган бөлүкчөлөр белгиленген кызмат өтөө аймактарына жөнөтүлдү.

«Тилектештик-2026 – Кыргызстан» биргелешкен чек ара операциясы мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана чек ара аймактарындагы кырдаалга ыкчам чара көрүү максатында өткөрүлүүдө.