Баткенде милицияга пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан “Транзит” аталышындагы ыкчам иш-чаранын алкагында милиция кызматкерине пара берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 8-апрель күнү катталган. Анда Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине жаран акча каражатын сунуштаган.
Тактап айтканда, аткезчилик фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуп, маселесин оң жагына чечип берүү максатында Лейлек районунун тургуну 200 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.
Шектүү катары Лейлек районунун Раззаков шаарынын 1996-жылы туулган М.К. аттуу жараны кармалган.
Кармоо иш-чарасы КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Баткен облусу боюнча бөлүмчөсүнүн, ошондой эле Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Баткен ОИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
