Акыркы беш жылда мас айдоочулардын катышуусунда дээрлик эки миңдей жол кырсыгы катталган
14 май

Акыркы беш жылда мас айдоочулардын катышуусунда дээрлик эки миңдей жол кырсыгы катталган

Жогорку Кеңеште мас абалында жол кырсыгын жасаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү караган мыйзам долбоору демилгеленди. Эгер мындай кырсык оор кесепеттерге же адамдардын өлүмүнө алып келсе, жаза дагы катаалдашат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибраимов жана депутат Уланбек Жаанбаев.

Документте Кылмыш-жаза кодексине жана «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тактап айтканда, мындай кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс, пробациялык көзөмөл жана шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу чараларын колдонууга тыюу салуу каралган.

Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-мартына чейин мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 73 миң 349 айдоочу жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 1 миң 41 адам мыйзамды кайталап бузган.

Бул мезгил аралыгында мас айдоочулардын катышуусунда 1 миң 961 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 271 адам каза болуп, дагы 3 миң 299 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Көзөмөл органдарынын маалыматы боюнча, мындай кылмыштар үчүн 145 адам соттолгон. Алардын ичинен 18 адам мунапыс менен бошотулса, 94 адамга пробациялык көзөмөл колдонулган, дагы 5 адам шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда пробациялык каттоодо ушул сыяктуу иштер боюнча соттолгон 118 адам турат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери азыркы жазалоо чаралары жоопкерчиликтин сөзсүз болуу принциптерин толук камсыздай албай жатканын жана жетиштүү алдын алуу таасирин бербей жатканын белгилешүүдө.