Бакыт Төрөбаев Достук айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Достук айыл өкмөтүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө айылдарды суу менен камсыздоо системалары боюнча долбоордук-сметалык документацияларды (ДСД) даярдоо үчүн зарыл болгон документтерди иштеп чыгуу иштерин тездетүү маселелери талкууланды.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – заманбап суу менен камсыздоо системаларын киргизүү жана калкты сапаттуу, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат.
Министр документтерди өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк региондорду өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти техникалык тапшырмаларды түзүүдө көмөк көрсөтөт.
Бакыт Төрөбаев жергиликтүү айыл өкмөттөр тарабынан документтерди чогултуу процессин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарын активдүү өз ара аракеттенүүгө жана уюштуруу маселелерин ыкчам чечүүгө чакырды. Анын айтымында, бардык тараптардын макулдашылган иши айыл аймактарында суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырууну кыйла тездетет.
