Камчыбек Ташиев IV Элдик курултайдын 50ү делегаты менен жолукту
Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен өлкө аймактарынан келген IV Элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуу эркин форматта өтүп, ага жалпысы 50гө жакын делегат катышты.
Белгилей кетсек, мындай форматтагы делегаттар менен жолугушуу УКМКнын штаб-квартирасынын тарыхында алгач ирет уюштурулду.
Адегенде чакырылган коноктор үчүн УКМКнын штаб-квартирасы боюнча чакан экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө алар жаңы имаратта коопсуздук кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышышты.
Андан соң УКМКнын жетекчилиги делегаттарды чай үстүндө кабыл алып, пикир алмашуу болду. Өз сөздөрүндө делегаттар Камчыбек Ташиевдин УКМКнын кызматкерлери үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө кошкон салымын жогору баалап, бул кызматтын натыйжалуулугун жана кесипкөйлүгүн жогорулатууда маанилүү фактор экенин белгилешти.
Анын демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен кызматкерлердин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууга, материалдык-техникалык камсыздоону күчөтүүгө жана социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатууга багытталган чаралар ырааттуу ишке ашырылып келет.
Өз кезегинде УКМКнын жетекчилиги көрсөтүлгөн колдоо, жарандык активдүүлүк жана коюлган милдеттерди аткарууга кошкон салымы үчүн делегаттарга чын ыкластан ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге мындай биримдик жана өз ара түшүнүшүү кызматташтыкты бекемдеп, жалпы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Делегаттар тарабынан көтөрүлгөн суроолор жана сунуштар ишке алынып, бир катар багыттар боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
