КР ИИМдин криминалистикалык жабдуулары эл аралык кызматташтык алкагында күчөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматына Ички иштер министрлиги менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмунун (ЕККУ) 2025-жылга карата өз ара аракеттенүү Планынын алкагында криминалистикалык чемодандар берилди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Тапшыруу аземи Ички иштер министрлигинин жыйындар залында өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин өкүлдөрү жана ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын жетекчилиги катышты.
Тапшырылган жабдуулар окуя болгон жерде иштөөгө арналган жана кылмыштын издерин каттоо, алуу жана алгачкы иштетүү үчүн атайын шаймандарды камтыйт. Мындай жабдууларды колдонуу окуя болгон жерлерди кароонун сапатын жогорулатууга, тергөө аракеттерин жүргүзүү убактысын кыскартууга жана буюмдук далилдердин сакталышын камсыздоого мүмкүндүк берет.
Криминалистикалык жабдууларды жаңыртуу тергөөнүн натыйжалуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизет жана кылмыштардын бетин ачуу деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу эксперттик бөлүмдөрдүн өнүгүшүнө жана ички иштер органдарынын кесиптик потенциалын чыңдоого кошкон маанилүү салым катары каралат.
